Башкы беткеДүйнөКолумбияда жер титирөөдөн 111 адам каза болду

Колумбияда жер титирөөдөн 111 адам каза болду

Колумбиянын батышында 10-августта болгон күчү 7,4 баллдык жер титирөөдөн кеминде 111 адам каза болуп, 87 адам жаракат алды. Бул тууралуу массалык маалымат каражаттары кабарлады.

Жер титирөөдөн 1 575 үй жабыркап, 61 имарат толугу менен кыйраган. Ошондой эле алты аэропорттун инфраструктурасына зыян келип, аларда коммерциялык аба каттамдары убактылуу токтотулган.

Кырсыктын кесепетинен улам Колумбияда улуттук кырсык режими жарыяланды. Бийлик издөө-куткаруу иштерин жүргүзүп, жабыркаган аймактарга жардам көрсөтүү иштерин улантууда.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар