Башкы беткеДүйнөФилиппинде нөшөрлөгөн жаандан 19 адам каза болду

Филиппинде нөшөрлөгөн жаандан 19 адам каза болду

Филиппинде «Луис» жана «Мэймэй» тропикалык циклондору, ошондой эле түштүк-батыш муссону алып келген нөшөрлөгөн жаандан каза болгондордун саны 19 адамга жетти. Дагы 15 адам жаракат алып, төрт киши дайынсыз болууда.

Өзгөчө кырдаалдарды башкаруу боюнча улуттук кеңештин маалыматына караганда, негизги жоготууларга тынымсыз жаандан улам пайда болгон жер көчкүлөрү себеп болгон. Каза болгондордун эң көбү Бенгет провинциясында катталып, анда 12 адам көз жумган. Ризалда төрт, Батангаста үч адам каза болгон.

Табигый кырсыктан өлкөнүн 11 аймагында 2,27 миллионго жакын адам жабыркады. 900дөн ашык эвакуациялык борбор түзүлүп, аларга болжол менен 95 миң адам жайгаштырылды.

Филиппин өкмөтү жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн 73 миллион песодон ашык каражат бөлдү. Дайынсыз жоголгондорду издөө жана куткаруу иштери уланууда.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар