Башкы беткеДүйнөSpotify ЖИ аркылуу түзүлгөн аткаруучуларды атайын белги менен белгилейт

Spotify ЖИ аркылуу түзүлгөн аткаруучуларды атайын белги менен белгилейт

Сентябрдын ортосунан тарта Spotify жасалма интеллекттин жардамы менен түзүлгөн виртуалдык аткаруучулардын профилдерине “AI Persona” деген атайын белги коёт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдирди.

“AI Persona” белгиси профилдеги аткаруучу чыныгы адам эмес, жасалма интеллект аркылуу түзүлгөн образ болушу мүмкүн экенин билдирет. Белги аткаруучунун профилинде, издөө учурунда жана анын ырлары жайгашкан плейлисттерде көрсөтүлөт.

Мындай аткаруучулардын ырлары Spotify’дын сунуштарына автоматтык түрдө кошулбайт. Башкача айтканда, сервис аларды колдонуучуларга сунуштабайт. Бирок адам өзү ошол AI Persona профилине жазылган болсо, анын ырлары сунуштарда чыгышы мүмкүн.

Аткаруучулар өз профилинин ЖИ аркылуу түзүлгөнүн Spotify for Artists платформасы аркылуу өздөрү билдире алышат. Мындан тышкары, Spotify өзү да профилдерди текшерип, чыныгы адамдай көрүнгөн, бирок ЖИ аркылуу түзүлгөн образдарды аныктайт.

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар