Тынч океанынын батыш бөлүгүндө тайфундардын сезону жүрүп жатат. Акыркы күндөрү аймакта бир убакта үч тайфун катталып, Кытайдын мамлекеттик маалымат каражаттары бул көрүнүштү сейрек кездешүүчү «үч тайфун кырдаалы» деп мүнөздөдү.
«Дельфин» тайфуну Батыш Тынч океанынан жылып, Жапониянын түштүк аралдары жана Филиппиндердин түндүк аймактары аркылуу өтүп, жекшемби күнү Кытайдын чыгыш жээгине жеткен.
Ошол эле күнү Тынч океанынын түндүк-батыш бөлүгүндө «Пейлу» тайфуну пайда болгон. Бирок ал күчүн жоготуп, жээкке жеткен эмес.
Ал эми «Дельфин» тайфуну менен күрөшүп жаткан Түштүк Жапонияга шейшемби күнү «Чан-Хом» тайфуну жетти. Учурда үч тайфун тең басаңдаганы маалымдалды.
Тайфундар катуу жаан-чачынга, суу ташкындарына жана жер көчкүлөрүнө алып келиши мүмкүн. Калк жыш жайгашкан аймактарга жеткен учурда алар адам өмүрүнө олуттуу коркунуч жаратып, ири материалдык чыгымдарга себеп болушу ыктымал.
Филиппинде нөшөрлөгөн жаандан улам кеминде 26 адам каза болгон. Бийликтин маалыматына караганда, алардын көбү жер көчкүдөн улам көз жумган.



