«Яндекс Пэй» тиркемеси Apple компаниясынын App Store дүкөнүнөн өчүрүлдү. Бул тууралуу сервис өзүнүн Telegram-каналы аркылуу билдирди.
Маалыматка караганда, буга чейин июль айында тиркеме App Store’дун чет элдик версияларынан өчүрүлүп, орусиялык версиясы гана калган. Эми ал версия да дүкөндөн алынды. «Яндекс Пэй» буга чейин орнотулган тиркемелер иштей берерин, бирок аларды кайра орнотуу же жаңыртуу мүмкүн болбой турганын билдирди. Азырынча тиркеме Google Play дүкөнүндө жеткиликтүү.
Мындан тышкары, Ozon Банк тиркемеси да Google Play дүкөнүнөн өчүрүлгөнү маалымдалды.
«Яндекс Пэй» — «Яндекс» компаниясы 2021-жылы ишке киргизген төлөм сервиси. Ал аркылуу онлайн төлөм жүргүзүүгө, башка банктардын эсептерине акча которууга жана топтоо эсебинде каражат сактоого болот. Сервистин банктык операцияларын «Яндекс Банк» тейлейт.



