Өзгөн шаарынын коммуналдык кызматтарынын техникалык базасы жаңы атайын техникалар менен толукталды. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шаарга «Беларусь-952» трактору, «Hyundai R60W» дөңгөлөктүү экскаватору жана «Chevrolet Tracker» үлгүсүндөгү атайын техника алынып, Өзгөн районунун акими Каныбек Апбасов тарабынан шаардык мэрияга тапшырылды.
Жаңы техникалар шаар аймагын тазалоо жана көрктөндүрүү, жолдорду тейлөө, коммуналдык иштерди жүргүзүү, таштанды чыгаруу жана башка чарбалык иштерди ыкчам жана сапаттуу аткарууга багытталат. Мындан тышкары, шаардагы коммуналдык кызматтардын мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү үчүн таштанды ташуучу жана суу ташуучу техникаларды алуу боюнча иштер улантылууда.




