Ош шаарында туризм тармагын өнүктүрүү боюнча актуалдуу маселелер талкууланды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди.
Мэрияда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Эдуард Кубатов менен жолугушуу өттү. Аны Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев кабыл алды. Жолугушууда шаардын туристтик дараметин жогорулатуу, мейманкана жана тейлөө тармагын өнүктүрүү, туристтер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана шаарга келген туристтердин санын көбөйтүү маселелери талкууланды.
Ошондой эле шаардын тарыхый-маданий мурастарын, туристтик жайларын жана инфраструктурасын натыйжалуу пайдалануу аркылуу туризмди экономикалык өсүштүн маанилүү багыттарынын бирине айландыруу мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Жолугушуунун соңунда тараптар туризм тармагындагы кызматташтыкты мындан ары да активдүү улантууга макулдашты.




