Башкы беткеПрезидентКыргызстан акыркы беш жылда Кытайдан жаңы карыз алган эмес

Кыргызстан акыркы беш жылда Кытайдан жаңы карыз алган эмес

Кыргызстан акыркы беш жылда Кытайдан жаңы карыз алган эмес. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго берген маегинде билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2020-жылга чейин Кыргызстандын ички жана тышкы карызынын жалпы көлөмү 5 млрд долларды түзүп, анын ички дүң продукцияга (ИДП) карата үлүшү 70 пайыз болгон.

Ал эми 2026-жылы өлкөнүн ички жана тышкы карызы 10 млрд долларга жеткени менен, анын ИДПга карата үлүшү 37 пайызга чейин төмөндөгөн. Президенттин маалыматына ылайык, учурда Кыргызстандын тышкы карызы 5,2 млрд долларды, ички карызы 4,8 млрд долларды түзөт. Акыркы жылдары тышкы карыздын көлөмү 1 млрд долларга көбөйгөн.

«Акыркы беш жылда Кытайдан бир тыйын да алган жокпуз. Тескерисинче, 500 млн доллар карызды жаптык», — деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын тышкы карызы негизинен Европа жана Азия банктарынан, ошондой эле эл аралык каржы уюмдарынан алынганын белгиледи.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар