Тарых илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер Байболот Абытов Президент Садыр Жапаровдун журналист Али Токтакуновго берген маеги тууралуу өз пикирин билдирди.
Анын баамында, маекте коомчулукта көптөн бери талкууланып келген бир катар олуттуу саясий жана коомдук маселелер көтөрүлүп, мамлекет башчысы алар боюнча өз позициясын ачык билдирди.
Абытовдун белгилешинче, маекте президенттин алдыдагы президенттик шайлоого катышуу ниети, экинчи мөөнөткө баруу маселеси, Камчыбек Ташиев менен болгон мамилеси, «Кумтөр» долбоору жана андан түшкөн каражаттарды пайдалануу сыяктуу маанилүү темаларга кеңири токтолгон.
Ошондой эле президент Камчыбек Ташиевди өзүнүн ордуна президенттикке даярдоо ниети болгонун, бирок кийин бул чечиминен баш тартканын айткан. Муну менен катар жеке достук менен мамлекеттик кызматтын ортосундагы айырманы белгилеп, достук мамиле сакталарын, бирок Ташиевдин мамлекеттик кызматка кайтып келүүсүнө жол берилбей турганын билдирген.
Саясат таануучунун пикиринде, Жапаров президенттик шайлоого катышууну каалаган башка талапкерлерге да тоскоолдук болбой турганын белгилегени маанилүү.
Маектин дагы бир өзгөчө бөлүгү «Кумтөргө» байланыштуу болгон. Президент кенден түшкөн каражаттардын пайдаланылышы жана алардын мамлекеттик, коомдук кызыкчылыктарга багытталышы тууралуу түшүндүрмө берген.
Байболот Абытов маекти саясий жактан ачык жана маанилүү деп баалап, президент коомчулукта талкууланып жаткан маселелер боюнча өзүнүн көз карашын түз билдиргенин белгиледи. Ошол эле учурда маек бийликтин келечеги, саясий атаандаштык, мамлекеттик институттардын ролу жана 2027-жылдагы президенттик шайлоонун мүнөзү тууралуу жаңы суроолорду жаратканын кошумчалады.
Анын пикиринде, бул маекти учурдагы саясий окуя катары гана эмес, Кыргызстандын эгемендүүлүк жылдарындагы саясий өнүгүүнүн белгилүү бир этабын түшүндүргөн маанилүү материал катары кароого болот.




