Башкы беткеДүйнөЯпонияда нөшөрлөгөн жамгырдан 10 адам каза болду

Японияда нөшөрлөгөн жамгырдан 10 адам каза болду

Япониянын Тиба префектурасында рекорддук деңгээлдеги нөшөрлөгөн жамгырдан улам 10 адам каза болду. Табигый кырсыктан дээрлик 1,5 миң үй жабыркаган.

Жамгырдын кесепетинен эки үй толугу менен, дагы 11 үй жарым-жартылай кыйраган. Ошондой эле 29 имаратка жарым-жартылай зыян келтирилген.

Тиба шаарында суу ташкынынан кийин жолдордо 2,5 миңдей унаа кароосуз калган. Алардын 500гө жакыны жол кыймылына тоскоолдук жараткан. Акыркы каза болгон 30 жаштан ашкан эркек үйүндө электр жарыгы өчкөн учурда генератор колдонуп, көмүр кычкыл газына ууланган.

Учурда жабыркаган аймактарда тазалоо жана калыбына келтирүү иштери уланып, тургундар үйлөрүн жана жолдорду тазалап жатышат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар