30-августтан 6-сентябрга чейин Кыргызстанда мамлекеттик маанидеги иш-чараларга байланыштуу айрым жолдордо транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Бишкек шаарында чектөөлөр Манас эл аралык аэропортунан баштап, Васильевский тракт, Фучик көчөсү, Чүй, Манас жана Чыңгыз Айтматов проспектилери, Жусуп Абдрахманов, Байтик Баатыр көчөлөрү, Абсамат Масалиев проспектиси, Жайыл Баатыр жана Барпы Алыкулов көчөлөрүнүн айрым тилкелеринде киргизилет.
Ысык-Көл облусунда «Тамчы» эл аралык аэропортунан Чолпон-Атага чейинки жолдо, ат майданынын аймагында жана Кырчын капчыгайына алып баруучу жолдо убактылуу чектөөлөр болот.
Мындан тышкары, Чүй облусунун айрым жолдорунда да унаа кыймылына чектөө киргизилет.
ИИМ айдоочуларды жана жарандарды жолдогу чектөөлөрдү эске алып, каттамдарын алдын ала пландаштырууга чакырды.
Ошондой эле «Бишкек Аренада» Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине даярдык көрүлүп жаткандыктан, стадионго жакын аймактардагы айрым жолдор мезгил-мезгили менен жабылып жатат.



