Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, талап иштегени келгендерге гана эмес, окууга, конокко же туугандарыныкына узак мөөнөткө келген чет элдиктерге да тиешелүү. Тиркеме аркылуу жарандардын геолокациясы көзөмөлдөнөт. Эгер системага мигранттын жүргөн жери тууралуу маалымат үч жумуш күндөн ашык түшпөсө, ал миграциялык каттоодон чыгарылышы мүмкүн.
1-сентябрга чейин каттоого турган чет элдиктер каттоонун мөөнөтү бүткөнгө чейин мурдагы тартипте жүрө алышат. Ал эми 18 жашка чейинкилер үчүн азыркы каттоо тартиби сакталат.
«Амина» тиркемеси Москва жана Москва облусунда мигранттардын жүргөн жерин көзөмөлдөө боюнча 2025-жылы башталган эксперименттин алкагында колдонулуп келет. ИИМдин маалыматына караганда, 2025-жылдын декабрына чейин геолокация маалыматы жок болгондуктан 139 миңден ашуун адам каттоодон чыгарылган.
Келечекте тиркеме аркылуу патент төлөө, миграциялык борборго жазылуу жана башка кызматтарды алуу мүмкүнчүлүгүн киргизүү пландалууда.
Ошол эле учурда укук коргоочулар «Амина» системасы санариптик көзөмөлдүн күчөшүнө алып келиши мүмкүн деп тынчсыздануусун билдиришүүдө.



