Башкы беткеКоомТигүүчүлөргө жана маркетплейс сатуучуларына салык жеңилдиги сунушталды

Тигүүчүлөргө жана маркетплейс сатуучуларына салык жеңилдиги сунушталды

Кыргызстанда тигүү жана текстиль тармагында иштеген ишкерлерге, ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүндө электрондук соода аянтчалары аркылуу товар саткан селлерлерге салыктык жеңилдик берүү сунушталды.

Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына караганда, сунушталган өзгөртүүгө ылайык, ишкерлер 2026-жылдын 1-августунан 31-декабрына чейин бирдиктүү салыкты төлөөдөн жана бул салык боюнча отчет берүүдөн бошотулушу мүмкүн.

Жеңилдик Кыргызстандын салык органдарында белгиленген тартипте катталган ишкерлерге жана компанияларга тиешелүү болот. Селлерлер электрондук соода аянтчасында өзүнүн ИННи менен иш жүргүзүп жатканын тастыктаган документке ээ болушу керек.

Ошол эле учурда башка салыктык милдеттенмелер жана социалдык камсыздандыруу боюнча төлөмдөр сакталат. Кызматкерлер киреше салыгын жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотулбайт.

Тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси Экономика жана коммерция министрлигине жөнөтүлдү.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар