Башкы беткеКоомIT жана креативдүү тармактагы ишкерлер үчүн салыктык жол-жоболор жөнөкөйлөтүлдү

IT жана креативдүү тармактагы ишкерлер үчүн салыктык жол-жоболор жөнөкөйлөтүлдү

Жогорку технологиялар паркынын жана Креативдүү индустриялар паркынын резиденттери үчүн салыктык каттоо жана атайын салык режимин колдонуу жол-жобосу автоматташтырылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Салык кызматы аталган парктардын маалыматтык системаларын интеграциялоо иштерин жүргүзгөн. Анын натыйжасында резидент статусун алган салык төлөөчүлөр тууралуу маалыматтар эми электрондук форматта Салык кызматына жөнөтүлөт.

Тактап айтканда, салык төлөөчү парктын резиденти статусун алгандан кийин, тиешелүү дирекция бул тууралуу Салык кызматына электрондук билдирүү жөнөтөт. Ал маалыматтар салык органынын маалыматтык системасында тиешелүү жол-жоболорду жүргүзүү үчүн колдонулат.

Мындан ары резиденттер салык органына кагаз түрүндөгү документтерди же өзүнчө арыздарды тапшырууга муктаж болбойт. Зарыл болгон маалыматтар мамлекеттик органдардын маалыматтык системалары аркылуу электрондук түрдө алмашылат.

Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына караганда, жаңы механизм административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүп, кагаз документ жүгүртүүнү азайтууга жана салык төлөөчүлөрдүн убактысын үнөмдөөгө багытталган. Ошондой эле атайын салык режимин колдонуу процесси ыкчамдатылат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар