Башкы бетке∅Токтогул районунда мектеп, бала бакча жана медициналык объектилер курулууда

Токтогул районунда мектеп, бала бакча жана медициналык объектилер курулууда

Токтогул районунда калк үчүн маанилүү болгон бир катар социалдык объектилердин курулушу уланууда.

Токтогул шаарында балдар реабилитациялык борбору жана 100 орунга эсептелген оорукананын кошумча имараты салынууда. Объектилер пайдаланууга берилгенден кийин шаар тургундары үчүн медициналык жана реабилитациялык кызматтардын жеткиликтүүлүгү кеңейет.

Мындан тышкары, шаардын Таласбай кичи районунда 750 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Учурда иштердин 75 пайызы аткарылды. Мектептин ишке кириши менен окуучулар үчүн заманбап шарттар түзүлүп, райондогу билим берүү инфраструктурасы кеңейтилет.

Ошондой эле Кетмен-Дөбө айыл аймагына караштуу Чоң-Арык айылында 140 орундуу бала бакчанын курулушу уланууда.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар