Ысык-Көл облусунда 1–6-сентябрь күндөрү өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу Башкы штаб күнү-түнү иш алып барат.
Маалыматка ылайык, жарандар, оюндардын катышуучулары жана коноктор иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан бардык суроолор боюнча Башкы штабга кайрыла алышат.
Штабдын адистери 24 саат бою маалыматтык колдоо көрсөтүп, жарандардын кайрылууларын кабыл алат. Ошондой эле зарыл болгон маалыматтарды берип, оюндардын жүрүшүндө жаралышы мүмкүн болгон маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтөт.
Башкы штабдын күнү-түнү иштеши Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюшкандыкта өткөрүүнү жана катышуучулар менен конокторго ыкчам маалымат берүүнү камсыз кылууга багытталган.



