Башкы беткеКоомАгартуу министрлиги: ата-энелерден акча чогултуунун бардык түрүнө тыюу салынат

Агартуу министрлиги: ата-энелерден акча чогултуунун бардык түрүнө тыюу салынат

Билим берүү жана илим министрлиги ЖМКларда тараган мамлекеттик электрондук күндөлүккө байланыштуу маалыматтар боюнча түшүндүрмө берди.

Министрликтин маалыматына ылайык, мамлекеттик билим берүү уюмдарында ата-энелерден акча чогултуунун бардык түрүнө тыюу салынат. Мамлекеттик электрондук күндөлүк системасына кирүү ата-энелер жана окуучулар үчүн толугу менен акысыз болот.

Министрлик 137,4 млн сомдук келишим электрондук күндөлүктү гана иштеп чыгууга багытталган деген маалыматты четке какты. Аталган келишимдин алкагында бирдиктүү санариптик билим берүү комплексин түзүү каралган.

Анын курамына төмөнкүлөр кирет:

  • мамлекеттик электрондук күндөлүк жана электрондук журнал;
  • STEM багыттарын кошкондо 12 миңден ашуун интерактивдүү окуу жана усулдук ресурстарды камтыган «Санарип кампа»;
  • педагогдордун квалификациясын жогорулатууга багытталган ustat.edu.gov.kg платформасы;
  • башталгыч кесиптик билим берүү үчүн санариптик чечим;
  • «Тунгуч» онлайн-мектебинин платформасы.

Мындан тышкары, санариптик экосистема ПИН-сервис, мектепке электрондук каттоо системасы, «Мугалим», «Аттестат», ББМС жана башка мамлекеттик маалыматтык системалар менен интеграцияланат.

Министрлик «Э-Күндөлүк» автоматташтырылган маалыматтык системасы жалпы келишимдин курамында иштелип чыкканын жана аны түзүүгө өзүнчө кошумча бюджет бөлүнбөгөнүн белгиледи. Ошондуктан келишимдин 137,4 млн сомдук жалпы наркын электрондук күндөлүктү иштеп чыгууга гана кеткен чыгым катары көрсөтүү туура эмес экени айтылды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар