Башкы беткеКоомБишкектеги бир катар көчөлөрдүн аттары өзгөртүлөт

Бишкектеги бир катар көчөлөрдүн аттары өзгөртүлөт

Бишкек шаарындагы бир катар көчөлөрдүн жана проспекттердин аталыштарын өзгөртүү боюнча иштер уланууда. Бул өзгөртүүлөр административдик-аймактык реформанын алкагында көчөлөрдүн аталыштарынын кайталанышын жоюу жана бир багытта уланган көчөлөрдүн аталыштарын бирдейлештирүү максатында жүргүзүлүп жатат.

Аталган чечимге ылайык, бир катар көчөлөр жана проспекттер бир аталышка бириктирилди. Алардын арасында:

  • Михаил Фрунзе көчөсү (Новопавловка), Дэн Сяопин, Чүй жана Шабдан Баатыр проспектилери — Чүй проспектиси;
  • 7-Апрель жана Курманжан Датка көчөлөрү — Курманжан Датка көчөсү;
  • Жайыл Баатыр көчөсү, Абсамат Масалиев жана Аалы Токомбаев проспектилери, Кайыков көчөсү — Аалы Токомбаев проспектиси;
  • Анварбек Чортеков жана Кривоносов көчөлөрү — Абсамат Масалиев көчөсү;
  • Лев Толстой, Путепроводная жана Сары-Өзөн көчөлөрү — Шабдан Баатыр көчөсү;
  • Чыңгыз Айтматов проспектиси жана Манас көчөсү — Чыңгыз Айтматов проспектиси;
  • Жаш Гвардия бульвары жана Махатма Ганди көчөсү — Иманалы Айдарбеков көчөсү;
  • Селекционная жана Муромская көчөлөрү — Махатма Ганди көчөсү;
  • Юлиус Фучик көчөсү жана Васильевский тракты — Манас көчөсү;
  • Жибек Жолу жана Жеңиш проспектилери — Жибек Жолу проспектиси;
  • Максим Горький жана Анкара көчөлөрү — Анкара көчөсү.

Мындан тышкары, Чалагыз Иманкулов жана Карыбек Тыналиев көчөлөрү Карыбек Тыналиев көчөсү, Байтик Баатыр, Жусуп Абдрахманов, Абдынасыр Элебесов жана Борбордук көчөлөрү Жусуп Абдрахманов көчөсү болуп бириктирилди.

Береговая, Окраинная, Көк-Сай, К. Курманалиев жана Набережная көчөлөрүнө Дэн Сяопин көчөсү деген бирдиктүү аталыш берилди. Новопавловкадагы Исхак Раззаков көчөсү жана Асипа Темирова көчөсү Анварбек Чортеков көчөсү, Виноградная көчөсү Лев Толстой көчөсү болуп өзгөртүлдү.

Бул иштер Бишкек шаардык кеңеши 2026-жылдын 31-майында №89 «Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн аталыштарын өзгөртүү жөнүндө» токтомдун негизинде жүргүзүлүп жатат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар