Ош шаарындагы №75 “Тунук Наристе” мектепке чейинки билим берүү уюму капиталдык оңдоодон кийин пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Дастан Наватов, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү, бала бакчанын тарбиячылары жана ата-энелер катышты.
Маалыматка ылайык, бала бакча 250 балага ылайыкталган. Анда балдар үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөн. Мындан тышкары, имаратта өзүнчө от жагуучу жай каралып, ЮНИСЕФтин колдоосу менен жылуулук насосу орнотулган.
№75 “Тунук Наристе” бала бакчасы Ош шаарынын Кеңеш айылында жайгашкан.



