Башкы беткеКоомVI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Улуу Британиядан 50дөн ашуун спортчу келет

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Улуу Британиядан 50дөн ашуун спортчу келет

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Улуу Британиядан 50дөн ашуун спортчу катышат. Бул өлкөнүн тарыхындагы Көчмөндөр оюндарына жөнөтүлүп жаткан эң ири делегация болот. Бул тууралуу Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Висенте Солера Дьюкар социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, дипломаттар сапар алдында британ командасынын айрым мүчөлөрү менен жолугуп, алар менен видео маек жаздырышкан.

Спортчулар Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары алар үчүн эмнени билдирерин, мелдешке катышууну эмне үчүн чечишкенин жана Кыргызстанга сапардан эмнени күтөрүн айтып беришкен.

Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 30-августтан 6-сентябрга чейин Кыргызстанда өтөт. Учурда Оюндарды уюштуруу комитетине 112 өлкөдөн спортчулардын катышуу боюнча өтүнмөлөрү келип түштү. Мелдештерге 3 миңге жакын адам катышары күтүлүүдө.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар