Башкы беткеКоомБорбор калаанын эл аралык иш-чараларга даярдыгы аяктап калды

Борбор калаанын эл аралык иш-чараларга даярдыгы аяктап калды

Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык соңку баскычтарына жетип калды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев “Кыргыз Туусу” маалымат-басма үйүнө билдирди.

Анын айтымында, борбор калаанын эл аралык иш-чараларга даярдыгы 98%дан ашты. Учурда негизги иштердин баары аткарылып, айрым кемчиликтерди оңдоо иштери уланууда.

“Даярдык 98%дан ашты. Анткени дагы деле айрым кемчиликтерди оңдоо боюнча иштер бар. Жалпысынан мэрияга жүктөлгөн милдеттердин бардыгы аткарылды”, — деди Жунушалиев.

Мэрдин маалыматына караганда, алгач төрт автожолду оңдоо пландалган. Бирок жыйынтыгында шаардык кызматтар 17 жол тилкесинде оңдоо иштерин жүргүздү. Алардын көпчүлүгү толугу менен бүткөрүлдү. Коомдук транспорттун жүрүүсүн камсыз кылган айрым жолдордо асфальттын биринчи катмары төшөлүп, учурда акыркы иштер аткарылууда.

Мындан тышкары, быйыл Бишкектин архитектуралык жана эстетикалык көрүнүшүн жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулуп, 28 имараттын фасады оңдолду. Мэр бул иштер өлкө жетекчилигинин колдоосу менен республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлгөнүн белгиледи.

Жунушалиев “Манас” эл аралык аэропортуна баруучу жолдогу иштерге да токтолду. Анын айтымында, бул багытта 1,5 чакырым кошумча жол салынып, илбирстин макети орнотулган айланма жол курулду.

Ошондой эле Бишкек шаарына өткөрүлүп берилген “Манас” аэропортуна баруучу 23 чакырым жолдо тиешелүү иштер аткарылды. Кошумча жолдун жана унаа токтотуучу жайлардын аймагына 820дан ашык жарык берүүчү чырак орнотулду.

“Албетте, негизги иштердин бири — шаарды көрктөндүрүү. Бишкекти көрктөндүрүү боюнча белгиленген иштердин бардык көлөмү аткарылды”, — деп баса белгиледи мэр.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар