Өзгөчө кырдаалдар министрлиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келген катышуучуларды жана конокторду коопсуздук талаптарын сактоого чакырды.
Министрликтин маалыматына ылайык, массалык иш-чаралар учурунда өрт коопсуздугуна көңүл буруп, сууда сүзүүдө этият болуу жана балдарды кароосуз калтырбоо зарыл.
Тоолуу аймактарга чыккан жарандарга аба ырайын алдын ала эске алып, керектүү өлчөмдө суу, баш кийим жана биринчи жардам көрсөтүүчү аптечка алып жүрүү сунушталат.
Мындан тышкары, жаратылышта эс алуу учурунда айлана-чөйрөнү таза кармап, таштандыларды белгиленбеген жерлерге таштабоо эскертилди.
Өзгөчө кырдаал жаралган учурда 112 бирдиктүү номери аркылуу жардам чакырууга болот. Куткаруу кызматтары күнү-түнү иш алып барат.
Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин Кыргызстандын аймагында өтөт.



