Быйыл Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) түзүлгөнүнө 25 жыл толду. ШКУ эл аралык кырдаалдын олку-солкулугунун олуттуу сыноолорунан татыктуу өтүү менен өлкөлөр ортосундагы мамилелердин жаңы үлгүсү катары тагдырлаш коомдоштукту калыптандыруунун иш жүзүндөгү айдыңына айланды.
Тактап айта турган болсок, Шанхай кызматташтык уюмунун тарыхы 1996-жылга барып такалат, ошол жылдын апрель айында беш өлкө – Кытай, Россия, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан – Шанхай шаарында чек арага жакын чөлкөмдөрдөгү аскердик маселелер боюнча ишеним ченемдери жөнүндө макулдашууга кол коюшкан. Ал учурда согуш тобокелчилигин азайтуу, өз ара ишенимди бышыктоо жана чек-араларды турукташтыруу сыяктуу чектелүү гана маселелер каралган. Ошол “Шанхай бештиги” деп аталган кызматташуу механизми, кызматташуунун алгачкы тажрыйбасы болочоктогу Шанхай кызматташтык уюмунун пайдубалы болуп калды.
2001-жылы “Шанхай бештигине” ªзбекстан кошулган, ошону менен алты мамлекет Шаңхай кызматташтык уюмун түзүү жөнүндөгү Декларацияга кол коюшуп, “Шанхай духун” өз ара мамилелерди өркүндөтүүнүн нормасы катары аныкташкан. 2002-жылы Санкт-Петербугда ШКУнун Уставына кол коюлуп, ал эми 2004-жылы Бээжин шаарында ШКУнун Секретариаты, Ташкентте болсо Аймактык анти-террордук түзүм (ААТТ) өз ишин баштап, ШКУ чек-ара аймактарындагы ишеним ченемдеринин механизмдеринен көп тараптуу чөлкөмдүк кызматташуу уюмуна айланган.
2007-жылдагы Бишкек саммити уюмдун өнүгүүсүндөгү маанилүү баскыч болгондугун дагы белгилеп кетүү керек, анткени ошондо ШКУ өлкөлөрүнүн өз ара иш-аракеттеринин узак мөөнөттүү саясий-укуктук негизи түзүлгөн. Башында ШКУ алты эле мамлекетин (Кытай, Россия жана Борбордук Азия өлкөлөрү) уюму болсо 2017-жылдан тарта кеңири форматка өткөн, Индия менен Пакистандын толук укуктуу мүчө болуусу менен евразиялык уюмга айланган. Уюмду андан аркы кеңейтүү ишинде 2022-жылдагы Самарканд саммитти маанилүү бурулуш болгон, 2023-жылы Иран, ал эми 2024-жылы Беларусь өлкөсү ШКУга толук укуктуу мүчө болуп, мүчө өлкөлөрдүн саны онго жеткен. Ошондуктан 2017-2026-жылдарды ШКУнун ири транс-чөлкөмдүк уюмга айлануу мезгили деп айтууга болот, анткени азыр уюмда он мүчө-өлкө (Кытай, Россия, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Индия, Пакистан, Иран, Беларусь) жана 17 өнөктөш-өлкө (Афганистан, Монголия, Азербайжан, Армения, Бахрейн, Египет, Камбоджа, Катар, Кувейт, Лаос, Мальдив, Мьянма, Непал, Бириккен Араб Эмираттары, СаудАравиясы, Турция жана Шри-Ланка) бар.
2025-жылы сентябрь айында Тяньцзин саммитинде мурдагы “байкоочу” жана “диалог боюнча өнөктөш” деген макамдар жоюлуп, “ШКУнун өнөктөшү” деген бир эле макам киргизилген. Бул болсо ШКУ алкагындагы кызматташтыктын мүнөзүн өзгөрткөн, анткени өнөктөш-өлкөлөр уюмдун бардык долбоорлоруна катышууга, аймактык жана глобалдык коопсуздук көйгөйлөрүн талкуулоого мүмкүнчүлүк алышкан.
ШКУ учурда Евразия аймагынын 60 %га жакынын, дүйнө жүзүндөгү калктын дээрлик жарымын, дүйнөлүк экономиканын чейрегине жакын көлөмүн камтып, көп уюлдуу дүйнө-түзүмүндөгү реалдуу, өз ичинде өзүнө жеткиликтүү жана туруктуу мейкиндикке айланып, анын ичиндеги гео-саясий туруктуулук ар тараптуу экономикалык, технологиялык жана гуманитардык байланыштар менен бышыкталып бара жатат.
ШКУнун мамлекет башчыларынын Кеңешинин мааракелик отуруму 2026-жылдын 31-августунда жана 1-сентябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында өтөт.
Кыргыз Республикасы мааракелик саммитке карата олуттуу даярдыктарды көрүүдө, мааракеге байланыштуу көптөгөн иш-чаралар “ШКУга 25 жыл: туруктуу бейпилдикке, өнүгүүгө жана өркүндөп–өсүүгө карай бирге” – девизи астында өткөрүлүп жатат. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин билдирүүсүнө караганда, ШКУга Кыргызстандын төрагалыгынын алкагында башынан бери жалпысынан кырктан ашык мааракелик иш чаралар өткөрүлгөн. Алардын ичинен өзүм орчундуу деп эсептеген айрымдарын атап өтөйүн.
2026-жылды 27-мартында Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттердин темир жол администрацияларынын жетекчилеринин VI жолугушуусу өтүп, ал жерде темир жол каттамдарын өнүктүрүү жана мурдатадан жетишилген макулдашууларды турмушка ашыруу маселелери талкууланды. Бул жолугушуунун Кыргызстан үчүн мааниси өтө жогору, анткени алдыда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун аяктоо жана транзиттик потенциалды өркүндөтүү иштери турат.
2026-жылдын 28-апрелинде Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында Бишкекте ШКУ өлкөлөрүнүн коргоо министрлеринин Кеңешмеси болуп өттү, ал эми 2026-жылдын 14-майында Бишкекте ШКУ өлкөлөрүнүн Коопсуздук кеңештеринин секретарларынын 21-жолугушуусу болду. Бул иш чараларда коопсуздук чөйрөсүндөгү күч-аракеттерди бириктирүү, коргоо багытындагы мекемелердин иш-аракеттерин координациялоо жана учурдагы чакырыктар менен коркунучтарга каршы туруу маселелери каралды.
2026-жылдын 22-майында Бишкекте ШКУ өлкөлөрүнүн илим жана техника багытындагы министрликтери менен мекемелеринин жетекчилеринин 10-Кеңешмеси болуп өтүп, ал жерде ар бир өлкөнүн улуттук өзгөчөлүктөрү менен атаандаштык артыкчылыктарын илимий-техникалык жана инновациялык өз ара иш-аракеттерди тереңдетүүдө, ошондой эле жалпы чакырыктардан биргеликте өтүүдө пайдалануу маселелери талкууланган.
2026-жылдын 29-майында Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында ШКУ өлкөлөрүнүн каржы министрлеринин жана борбордук (улуттук) банктарынын жетекчилеринин кеңешмеси болуп, ал жерде ШКУнун жаңы каржы институттарын түзүүгө карата консультациялардын жүрүүсү жана практикалык иштердин аткарылышы боюнча доклад угулуп, улуттук валюталарда өз ара эсептешүүнү кеңейтүү маселелери талкууланган.
2026-жылдын 5-июнунда Бишкекте ШКУ өлкөлөрүнүн ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин кенешмеси өттү, ага укук коргоо органдарынын, ШКУнун Секретариятынын, ШКУнун Аймактык анти-террордук түзүмүнүн (ААТТ), Интерполдун жана СНГнын уюшкан кылмыштуулук жана башка кооптуу кылмыштуулуктар менен күрөшүүнү координациялоо Бюросунун жетекчилери катышкан. Кеңешмеде баңгизаттарды, психотроптук заттарды жана алардын туундуларын мыйзамсыз жүгүртүүгө, ошондой эле маалымат технологияларын, анын ичинде жасалма интеллектини мыйзамдуулукка каршы максаттарда пайдаланууга байланыштуу маселелер каралган.
2026-жылдын 19-июнунда Бишкекте ШКУ өлкөлөрүнүн энергетика министрлеринин алтынчы Кеңешмеси болуп өттү, ал жерде энергия үнөмдөө, энергетиканын натыйжалуулугу, энергетика системаларын өнүктүрүү жана бирдиктүү кылуу маселелери боюнча эки орчундуу документ колдоого алынды. Кабыл алынган чечимдер ШКУнун алкагындагы энергетика боюнча кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууга, энергетикалык коопсуздукту бекемдөөгө жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган.
2026-жылдын 24-25-июнунда Бишкекте ШКУ өлкөлөрүнүн Инвестициялык форуму өттү жана SCO Industrial & Investment Cooperation Expo өнөр жай жана инвестициялык көргөзмөсү болду. Максат – түз инвестицияларды тартуу, технологиялык өнөктөштүктү өркүндөтүү жана соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү.
2026-жылдын 2-июлунда Чолпон-Ата шаарында ШКУнун Банк-аралык бирикмесинин Кеңешинин XXII отуруму болду, ал жерде ШКУ өлкөлөрүнүн банктарынын ортосундагы өз ара каржылык иш-аракеттерин күчтөндүрүү маселелери талкууланды.
2016-жылдын 2-июлунда Бишкекте ШКУ өлкөлөрүнүн жашыл энергетика боюнча академиктердин III Эл аралык форуму өтүп, ал жерде жашыл экономикага жана жашыл энергетикага өтүү илимий-технологиялык кызматташтыктын практикалык багыттарынын бири катары бекитилди.
2026-жылдын 16-19-июлунда Чолпон-Ата шаарында ШКУ өлкөлөрүнүн Эл аралык кинофестивалы ШКУнун 25 жылдык мааракесине жана Кыргызстандын төрагалыгына арналып өткөрүлдү.
2026-жылдын 27-28-июлунда Бишкектеги “Ала-Арча” Мамлекеттик резиденциясында ШКУ өлкөлөрүнүн Жалпы маалымат каражаттарынын (ЖМК) жана аналитикалык борборлорунун Форуму “ШКУ жаңы доордо: өз ара түшүнүшүүдөн практикалык кызматташтыкка чейин” темасы астында өттү.
Албетте, биз үчүн ШКУнун 25 жылдык мааракеси өтүп жаткан жыл Кыргыз Республикасынын төрагалыгына туш болгон өтө чоң сыймык. Кыргызстан бул уюмдун түзүлүшүндөгү жана өркүндөөсүндөгү бардык урунттуу окуялардын катышуучусу, 1996-жылдагы “Шанхай бештигин”, 2001-жылдагы ШКУну түзүүчүлөрдүн бири, 2007-жылдагы Кыргызстандын төрагалыгында уюмдун узак мөөнөттүк өз ара иш-аракеттеринин саясий-укуктук негиздери түзүлгөн, узак мөөнөттүк жайлуу коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө Келишимге кол коюлган, 2013-жылдагы жана 2019-жылдагы Саммиттерде төрагалык кылган, 2017-жылдан тарта 2026-жылга чейинки эң маанилүү мезгилде, ШКУнун транс-чөлкөмдүк уюмга айлануу мезгилинде бардык иш-чараларга жигердүү катышкан.
Кыргызстандын ШКУга төрагалык кылуу жылындагы дагы бир зор окуя – бул тарыхта алгачкы жолу Кыргыз Республикасынын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп 2 жылга шайланганы болду, ал жердеги ыйгарым укуктар 2027-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.
ШКУнун ийгиликтеринин сыры эмнеде? ШКУ алкагындагы кызматташтыктын мындай динамикалуу өсүп-өнүгүшүнүн кыймылдатуучу күчү кайсы?
Бул суроолорго жооп берүү уюмдун ички маңызын, анын ыкчам өнүгүүсүн шарттап турган ички энергетикасын түшүнүү үчүн маанилүү. Коюлган суроолорго толук жана туура жооп алуу үчүн сөзсүз түрдө Си Цзиньпиндин эмгектерине кайрылуу керек. Анткени уюмдун түзүлүшүнүн идеялык негиздерин, тактап айтканда анын ички философиясын Кытай сунуш кылган, ал эми Си Цзиньпин болсо 2013-жылдан тарта аны ырааттуу түрдө өркүндөтүп келе жатат. Бул макаланы даярдап жатып анын “Мамлекеттик башкаруу жөнүндө” деген 5 томдук китебиндеги ШКУ жөнүндө айткан сөздөрү менен макалаларын толук карап чыктым. “«Шанхай духун” өркүндөтүү жана ШКУ өлкөлөрүнүн тагдырлаш коомдоштугун калыптандыруу зарыл” – деген тезисти макаланын аталышына атайын алып чыктым, анткени Си Цзиньпин “Шанхай духу” түшүнүгүн өзгөчө орунга койот. 2013-жылдагы Бишкекте өткөн ШКУ мамлекет башчыларынын Кеңешинин 13-отурумунда Си Цзиньпин: “Биз “Шанхай духун” алдыга жылдырууга тийишпиз. “Шанхай духун” турмушка ашыруу бизге мүчө мамлекеттердин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө, теңдиктин, консультациялардын, өз ара түшүнүшүүнүн жана компромисстердин негизинде өз ара пайдалуу кызматташтыкты ишке ашырууга, дүйнөдөгү болуп жаткан өзгөрүүлөргө жана азыркы замандагы өнүгүүгө шайкеш болууга, ошондой эле бардык өлкөлөрдүн калкынын кызыкчылыктары менен талаптарын канагаттандырууга мүмкүнчүлүк берет” – деп айтса, 2016-жылдагы Ташкент шаарында болуп өткөн ШКУ мамлекет башчыларынын 16-отурумунда: “ ШКУнун ийгиликтүү өнүгүүсүнүн маанилүү идеологиялык негизи жана жетектөөчү принциби болуу менен ”Шанхай духу” биримдикти бекемдөөгө өбөлгө түзөт жана жакшы маанайда кызматташууга шыктандырат. Ошол эле учурда “Шанхай духу” мезгилдин дагы, чөлкөмдүн дагы чегинен ары ашып турган турмуштук күчкө жана баалулуктарга ээ, ал жайлуу коңшулукка жана жалпы өсүп–өркүндөөгө ыктагаган бардык өлкөлөр үчүн баалуу сабактарды бере алат”– деп айткан. Ал эми 2022-жылы Самарканд шаарында өткөн ШКУ мамлекет башчыларынын Кеңешинин 22-отурумунда болсо “Шанхай духу” жөнүндө мурдагы айтылгандарды жыйынтыктап: “Практика көрсөткөндөй “Шанхай духу” Шанхай кызматташуу уюмунун өсүп–өнүгүшүнүн маанилүү фактору, ошондой эле алыскы болочокту карай ШКУ кармануусу керек болгон негизги принцип болуп саналат. өткөн мезгилде “Шанхай духун” колдонууда биз зор ийгиликтерге жетиштик, болочокто дагы биз аны коргоп–колдоого алуу менен алга карай сүрөшүбүз абзел”– деген. Бул сөздү биз ШКУнун мындан аркы өнүгүүсүнүн программалык жолу деп айтсак болот.

Эмилбек Каптагаев,
мамлекеттик жана коомдук ишмер.



