Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында Бишкекте мерчемделген бардык иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүүгө даяр. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев “Кыргыз Туусу” маалымат-басма үйүнө билдирди.
Анын белгилөөсүндө, саммитке карата даярдык бекитилген иш-чаралардын планына ылайык жүргүзүлүүдө. Ар бир маанилүү иш-чаранын алдында министрлерден турган атайын жумушчу топтор түзүлүп, аларга конкреттүү милдеттер жүктөлөт.
Данияр Амангелдиев даярдык иштеринин жүрүшүн оң баалап, алдыдагы жолугушуулар жогорку деңгээлде өтөрүнө ишенимин билдирди.
“Бүгүнкү күндө даярдык штаттык режимде жүрүп жатат. Менин оюмча, бардык иш-чаралар абдан жогорку деңгээлде өткөрүлөт. Учурда Кыргызстан буга толук даяр”, — деди ал.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары эл аралык делегацияларды кабыл алууга жана жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрүүгө багытталган инфраструктуранын даярдыгына да токтолду.
Ал жакында ачылган “Ырыс Ордо” конгресс-борбору жана “Ак-Кеме” мейманканасы өлкөнүн жогорку деңгээлдеги эл аралык иш-чараларды өткөрүүгө даярдыгын көрсөткөн маанилүү инфраструктуралык объектилер экенин белгиледи.
“Биз жакында жаңы конгресс-борбор — “Ырыс Ордонун” ачылышына күбө болдук. Ошондой эле жогорку даражалуу конокторду жана делегацияларды кабыл алууга ылайыкталган курорттук жайлар даярдалды. Мындан тышкары, урматтуу президент жаңы “Ак-Кеме” мейманканасын ачты. Бул объектилердин баары өлкөнүн жогорку деңгээлдеги иш-чараларды кабыл алууга даяр экенин көрсөтүп турат”, — деди Амангелдиев.
Белгилей кетсек, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин 26-жыйыны 2026-жылдын 31-августунан 1-сентябрына чейин Бишкек шаарында өтөт.
Уюмдун түзүлгөнүнө 25 жыл толгонуна арналган юбилейлик саммит Кыргызстандын ШКУдагы төрагалыгынын алкагындагы негизги иш-чара болуп саналат.



