Башкы беткеКоомБишкекте 30-августтан тарта айрым жолдор жабылат

Бишкекте 30-августтан тарта айрым жолдор жабылат

Шанхай кызматташтык уюмунун саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу Бишкектин айрым көчөлөрүндө унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.

Бишкек мэриясынын маалыматына караганда, чектөө 30-августтан тарта төмөнкү жол тилкелеринде колдонулат:

Манас көчөсү — “Манас” эл аралык аэропортунан Чүй проспектисине чейин;

Манас көчөсү — Чыңгыз Айтматов проспектисине чейин;

Чыңгыз Айтматов проспекти — Чүй проспектисинен Семетей көчөсүнө чейин;

Жибек жолу проспекти — Манас көчөсүнөн Жусуп Абдрахманов көчөсүнө чейин;

Жусуп Абдрахманов көчөсү — Жибек жолу проспектисинен Семетей көчөсүнө чейин;

Аалы Токомбаев проспекти — Жусуп Абдрахманов көчөсүнөн Барпы Алыкулов көчөсүнө чейин.

Мындан тышкары, иш-чаралар өтүп жаткан учурда “Бишкек Арена” стадионуна жакын аймактардагы айрым жол тилкелеринде да кыймыл чектелет.

Муниципалитет шаар тургундарын жана конокторун убактылуу чектөөлөрдү эске алып, каттамдарын алдын ала пландаштырууга чакырды.

Эскертүү: Жол кыймылындагы чектөөлөр иш-чаралардын коопсуз өтүшүн камсыздоо максатында киргизилүүдө.

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар