Башкы беткеКоомЖасалма диплом менен иштеген транспорттук инспекторлор аныкталды

Жасалма диплом менен иштеген транспорттук инспекторлор аныкталды

Транспорттук прокуратура жүргүзгөн текшерүүнүн алкагында Ысык-Көл аймактык транспорт башкармалыгында эки кызматкер жасалма диплом менен иштеп жүргөнү ачыкка чыкты.
Маалым болгондой, аталган жарандар транспорттук көзөмөл кызматына инспектор болуп жумушка орношууда жогорку билим тууралуу жасалма документтерди беришкен. Сөз К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети жана Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети тарабынан берилди деген дипломдор жөнүндө болууда.
Текшерүүнүн жүрүшүндө алардын аталган окуу жайларда таптакыр окубаганы жана дипломдор жасалма экени тастыкталган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси («Документтердин жасалмасын жасоо») менен эки кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар