Шанхай кызматташтык уюмунун саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу Бишкекте 30-августтан тартып үч күнгө курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүгө жана оор атайын техникаларды колдонууга убактылуу тыюу салынат.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына караганда, чектөө ири эл аралык иш-чаралар өтүп жаткан учурда шаардагы коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыз кылуу максатында киргизилүүдө.
Мындан тышкары, чара транспорттук, инженердик жана энергетикалык инфраструктуралардын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоого багытталган.



