Бишкектеги “Мадина” базарында чыккан өрттөн жабыркаган ишкерлерге компенсация төлөнөт. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев билдирди.
Анын айтымында, учурда өрттөн мүлкү жабыркаган бардык ишкерлер аныкталып, келтирилген чыгымдын көлөмү эсептелет. Андан кийин компенсация төлөө боюнча чечим кабыл алынат.
Ошондой эле мэр өрттүн чыгуу себебин милиция кызматкерлери иликтеп жатканын билдирди. Алдын ала маалымат боюнча, өрт электр зымдарынын кыска туташуусунан чыккан болушу мүмкүн. Учурда көзөмөл камераларындагы жазуулар алынган жана тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
“Биз сөзсүз түрдө жабыркагандардын баарын аныктап, эч кимди жардамсыз калтырбайбыз”, — деди Айбек Жунушалиев.
Эске салсак, “Мадина” базарында өрт 30-август күнү эртең менен чыккан. Өрт тууралуу маалымат саат 08:32де түшүп, тилсиз жоо соода контейнерлерине жайылган. Өрт саат 14:23тө чектөөгө алынып, кечки саат 21:02де толугу менен өчүрүлгөн.
Өрттү өчүрүүгө 10 өрт өчүрүүчү эсеп, куткаруучулар, муниципалдык ишканалардын суу ташуучу техникалары жана башка ыкчам кызматтар тартылган.
Өрттү өчүрүү учурунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жабыркаган. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, үч куткаруучуга медициналык жардам көрсөтүлгөн. Алардын экөөнө амбулатордук жардам берилсе, дагы бири шаардык Тез жардам клиникалык ооруканасынын токсикология бөлүмүнө жаткырылган.



