Бишкектеги «Ынтымак Ордо» имаратында президент Садыр Жапаров менен Кыргызстанга расмий сапар менен келген Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шарифтин кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөрү өтүүдө.
Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык, маданий жана гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланууда.
Тараптар Кыргызстан менен Пакистандын өз ара өнөктөштүгүн тереңдетүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташууну мындан ары да улантуу зарылдыгын белгилешүүдө. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда.
Эске салсак, Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф Кыргызстанга расмий сапар менен 31-августта келген.



