Башкы беткеКоомКыргызстан менен Пакистан соттолгон жарандарды өткөрүп берүүгө макулдашты

Кыргызстан менен Пакистан соттолгон жарандарды өткөрүп берүүгө макулдашты

Бишкек менен Исламабад соттолгон адамдарды өткөрүп берүү, экстрадициялоо жана укуктук жардам көрсөтүү багытында толук кандуу юридикалык базаны түзүүнү аяктады. Бул тууралуу Пакистандын премьер-министри Мухаммад Шахбаз Шарифтин Бишкекке болгон расмий сапарынын алкагында белгилүү болду.
Тараптар буга чейин, 2025-жылы соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууга кол коюп, аны ратификациядан өткөрүшкөн. Бул макулдашуу эки өлкө ортосундагы кылмыш-жаза иштери боюнча эл аралык кызматташуунун негизги түркүгү болуп калды.
Ал эми 2026-жылдын 2-сентябрында болгон жолугушууда тараптар калган эки маанилүү келишимге — өткөрүп берүү (экстрадиция) жана кылмыш-жаза иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү макулдашууларына кол коюшту.
Жыйынтыгында Кыргызстан менен Пакистандын ортосунда соттолгондорду өткөрүп берүү, экстрадициялоо жана укуктук көмөк көрсөтүү боюнча комплекстүү келишимдик-укуктук база толугу менен калыптанды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар