Аргентина чемпионаттарынын бардык деңгээлдериндеги жакынкы футболдук беттештерде Лионель Мессиге урмат көрсөтүү иретинде 10-мүнөттө тыныгуу жарыяланат. Мындай иш-чара “Бока Хуниорс” менен “Велес Сарсфилд” командаларынын кубоктук беттешинде да өткөрүлөт. Бул тууралуу Kazinform ТАССка шилтеме берүү менен билдирди.
Мындай чечим Мессинин Аргентина курамасындагы 10-номерди кийип ойногонуна байланыштуу кабыл алынган. Беттештердин 10-мүнөтүндө оюн токтотулуп, стадиондогу экрандардан Аргентина футбол ассоциациясы футболчуга арнап даярдаган атайын видео көрсөтүлөт.
Эске салсак, Лионель Месси Аргентина курамасындагы оюндарын аяктаган. 39 жаштагы футболчу 2023-жылдан бери АКШнын “Интер Майами” клубунда ойноп келет. Буга чейин ал “Барселона” жана ПСЖ клубдарынын намысын коргогон.
Месси Аргентина курамасы менен 2022-жылы дүйнө чемпиондугун, Америка кубогун эки жолу жана 2008-жылы Олимпиада оюндарын жеңген. Ошондой эле ал сегиз жолу “Алтын топ” сыйлыгына татыган.
Футболчу улуттук команда үчүн 207 оюн өткөрүп, 125 гол киргизген. Бул көрсөткүчтөр Аргентина курамасынын тарыхындагы рекорд болуп саналат. Месси дүйнө чемпионатына алты жолу катышкан.



