Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын Ысык-Көлдүн касиеттүү жээгинде өткөрүү улуттук рухту даңазалап, тарыхый тамырлар менен байланышты сактоого өбөлгө түзөт. Бул тууралуу “Кыргыз Туусуна” UFC уюмунун жеңил салмактагы он жолку чемпиону Валентина Шевченко билдирди.
Анын айтымында, мелдештин атмосферасы жана Ысык-Көлдө болуу ага өзгөчө жакшы маанай тартуулоодо.
“Оюндар Ысык-Көлдө өтүп жатат. Бул касиеттүү, керемет жер, жаратылышы абдан кооз. Кечээ Кырчынга барып, ат миндик, кыргыздын эртаймаш боюнча мелдешине күбө болдук. Бул кыргыздын духун даңазалаган керемет спорт. Азыр самбо боюнча мелдештердебиз, бүгүн көк бөрү оюнун көрүүнү пландап жатабыз”, — деди спортчу “Кыргыз Туусуна”.
Ошондой эле спортчу кыргызстандыктарды майрамы менен куттуктап, салттуу мурастын маанилүүлүгүн белгиледи.
“Бардык кыргызстандыктарды майрамы менен куттуктайм! Көчмөндөр оюндары маанилүү, анткени көчмөндөр — Кыргызстандын символу. Ал күчтү, акылды жана шамдагайлыкты чагылдырат. Бүгүн мунун баарын маданиятыбыздан, салт-санаабыздан жана заманбап өнөрүбүздөн көрүп жатабыз. Күрөш килеминде, татамиде жана ипподромдо мунун баары чагылдырылууда. Мунун баары өз тамырыбызды унутпоо үчүн керек”, — деп баса белгиледи Шевченко.
