Башкы беткеКоомЖаңы окуу жылына 81 мектеп пайдаланууга берилди

Жаңы окуу жылына 81 мектеп пайдаланууга берилди

2026–2027-окуу жылына карата өлкө боюнча 81 мектептин курулушу жана капиталдык оңдоп-түзөө иштери аяктап, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Алардын ичинен 40 мектеп жаңылануу жолу менен кайра курулса, 41 билим берүү мекемесинде капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн.

Жаңы жана оңдолгон мектептердин 26сы Жалал-Абад облусунда, 13ү Нарын облусунда, 11и Ысык-Көлдө, тогуздан Бишкек шаарында жана Ош облусунда, бешөө Баткенде, төрттөн Чүй жана Талас облустарында жайгашкан.

Мындан тышкары, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Бишкек, Ош жана Манас шаарларында салынып жаткан дагы 36 жаңы мектепти пайдаланууга берүүгө даярдык иштери жүрүп жатат.

Министрликтин маалыматына караганда, билим берүү объектилерин курууда жана оңдоп-түзөөдө иштердин сапатына, белгиленген мөөнөттө бүткөрүлүшүнө жана окуучулар үчүн тиешелүү шарттардын түзүлүшүнө басым жасалууда.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар