Башкы беткеМинистрлер кабинетиСоң-Көлдө жапайы канаттууларды коргоо үчүн 1 чакырымдык тосмо орнотулду

Соң-Көлдө жапайы канаттууларды коргоо үчүн 1 чакырымдык тосмо орнотулду

Нарын облусундагы К. Базарбаев атындагы Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун Рамсар аймагына кирген Соң-Көлдө жаратылышты жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча иштер уланууда.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги  билдиргендей “Соң-Көл көлүнүн биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо жана жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруу” долбоорунун алкагында Батай-Арал аймагына узундугу 1 чакырым болгон тосмо орнотулду.

Анын негизги максаты — канаттуулар үчүн маанилүү болгон аймакка адамдардын жана транспорт каражаттарынын көзөмөлсүз кирүүсүн чектөө. Бул аркылуу жапайы канаттуулардын жашоо жана көбөйүү шарттарын сактап, алардын тынчтыгын камсыз кылуу жана жаратылышка болгон антропогендик басымды азайтуу көздөлүүдө.

Соң-Көл суу жана суу жээгинде жашаган канаттуулардын маанилүү мекени болуп саналат. Өзгөчө көбөйүү мезгилинде адамдардын жана унаалардын көзөмөлсүз кирүүсү алардын жашоо чөйрөсүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Батай-Аралдагы тосмо Туруктуу өнүгүү стратегиясы институтунун жана Глобалдык экологиялык фонддун колдоосу менен орнотулду.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар