Башкы беткеПрезидентДКО-2026. Коопсуздук чаралары күчөтүлдү

ДКО-2026. Коопсуздук чаралары күчөтүлдү

3-сентябрда Чолпон-Ата шаарында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүдө коопсуздукту камсыздоо маселелери талкууланды. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчылыгы билдирди.

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков Президент Садыр Жапаровдун тескемеси менен түзүлгөн Координациялык штабдын ишинин алкагында мамлекеттик органдардын жетекчилери менен жумушчу жыйын өткөрдү.

Жыйында ички иштер, улуттук коопсуздук, өзгөчө кырдаалдар, саламаттыкты сактоо органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан оюндар өтүп жаткан учурда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалыматтар угулду.

Адилет Орозбеков Кыргызстанда буга чейин өткөн ири эл аралык иш-чаралар коопсуздук талаптары жогорку деңгээлде камсыздалып, тынч шартта өткөнүн белгиледи.

Ал VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын бардык күндөрүндө коопсуздук чараларын күчөтүлгөн тартипте улантуу зарылдыгын айтты.

Жыйын соңунда тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө коопсуздукту камсыздоого багытталган бир катар тапшырмалар берилди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар