Home Көчмөндөр оюндары ДКО: 40тан ашуун адамга жардам көрсөтүлдү

ДКО: 40тан ашуун адамга жардам көрсөтүлдү

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда майыптыгы бар адамдарга жардам көрсөтүүгө Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 100гө жакын кызматкери тартылды.

«Газпром» спорт комплексинде майыптар арабасын колдонгон адамдар үчүн атайын транспорттук коштоо уюштурулуп, иш-чара өтүүчү жайларга жеткирүү камсыздалууда.

Бүгүнкү күнгө чейин кызматкерлер 40тан ашуун адамга, анын ичинде чет өлкөдөн келген конокторго жардам көрсөтүштү.

Мындан тышкары, атайын ишеним телефонуна 1 миңге жакын кайрылуу түшүп, адистер жеткиликтүү инфраструктура жана жүрүп-туруу маселелери боюнча кеңеш берүүдө.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here