Дүйнө калкынын жаш курамында тарыхта биринчи жолу маанилүү өзгөрүү катталды. 65 жаштан ашкан адамдардын саны 5 жашка чыга элек балдардын санынан ашып кетти. Бул тууралуу Axios АКШнын Калкты каттоо бюросунун баяндамасына таянып жазды.
Демографтардын баамында, дүйнөдө калктын карылыгы күтүлгөндөн тез жүрүүдө. Анын негизги себептеринин бири — көпчүлүк өлкөлөрдө төрөлүүнүн азайышы.
2023-жылы дүйнө калкынын 71 пайыздан ашыгы төрөттүн деңгээли калктын жөнөкөй өсүшүн камсыз кылган көрсөткүчтөн — бир аялга орточо 2,1 баладан — төмөн болгон өлкөлөрдө жашаган. 2013-жылы мындай өлкөлөрдө дүйнө калкынын 45 пайызы жашаган.
Төрөттүн деңгээлинин төмөндөшү дүйнөнүн калкы эң көп өлкөлөрү — Кытай менен Индияда да байкалууда. Мындан тышкары, Бангладеш, Мексика жана Вьетнамда да көрсөткүч 2,1 баладан төмөн түштү.
Ошол эле учурда улгайган адамдардын саны мындан ары да тездик менен көбөйөт. АКШнын Калкты каттоо бюросунун болжолуна ылайык, 2025-жылы дүйнөдө 65 жаштан жогору 852 миллион адам болгон. 2060-жылга карата бул көрсөткүч 2 миллиардга жетиши мүмкүн.
Калктын картаюусу эмгекке жарамдуу адамдар менен улгайган жарандардын ортосундагы катышка да таасирин тийгизүүдө. Калктын жаш курагы боюнча эң улгайган аймак катары Европа бойдон калууда, бирок бул тенденция барган сайын дүйнөнүн башка өлкөлөрүн жана аймактарын да камтууда.



