М. Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театры октябрь айына карата спектаклдердин репертуарын жарыялады.
Кичинекей көрүүчүлөр үчүн ай ичинде «Алиса в стране чудес», «Пиноккионун жыгач шаары», «Алдар Көсөөнүн жоруктары», «Карлик Нос», «Кумурска — токой сакчысы» жана «Маленький принц» спектаклдери көрсөтүлөт.
Мындан тышкары, 10–11-октябрда саат 18:00дө «Пегий пес, бегущий краем моря» спектакли коюлат.
Спектаклдердин көрсөтүлүү убактысы 11:00, 12:30 жана айрым күндөрү 18:00гө белгиленген. Репертуар 3-октябрдан 31-октябрга чейинки күндөрдү камтыйт.



