Башкы беткеКөчмөндөр оюндарыАйгүл Жапарова Кырчында кымбат килемди белекке алуудан баш тартты

Айгүл Жапарова Кырчында кымбат килемди белекке алуудан баш тартты

Биринчи айым Айгүл Жапарова бүгүн, 4-сентябрда Кырчын жайлоосундагы этнобазарды кыдырып жүргөндө соодагер Баястан сунуштаган асыл таштар менен кооздолгон килемди белекке алуудан сылык баш тартты.

Соодагердин маалыматына караганда, килемдин символдук баасы 35 миң долларды түзөт. Анын өлчөмү 1,6х1,2 метр, салмагы болжол менен 10 килограмм.

Баястандын айтымында, килемди Афганистан, Индия жана Түркиядан келген 12 уста эки жылдан ашык убакытта жасап бүтүргөн.

Соодагер килемди биринчи айымга 31-августта «Бишкек Аренада» өткөн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде белек кылууну пландаган. Бирок мүмкүнчүлүк болбой калгандыктан, Айгүл Жапарованын Кырчынга барарын билип, 2-сентябрдан бери аны күтүп жүргөнүн билдирди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар