Башкы бетке∅Тайган жарышы: кыргыз тайганы экинчи орунду ээледи

Тайган жарышы: кыргыз тайганы экинчи орунду ээледи

Кырчын жайлоосунда өтүп жаткан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында тайган жарышы өтүп, ага кыргыз тайгандары да катышты.

Кыргыз кумайык федерациясынын жетекчиси, тайганчы Таалай Шүкүровдун айтымында, жарышта кыргыз тайганы экинчи орунду ээледи. Биринчи орунду Өзбекстандын тайганы алган. Ошол эле учурда өзбек тараптын атынан жарышка катышкан тайгандардын арасында кыргызстандык тайгандар да болгон.

Таалай Шүкүровдун эки тайганы да мелдешке катышып, Кумар Кыргызстандагы жарышта үчүнчү орунду, ал эми бир жаштагы Кумайык биринчи жарышында бешинчи орунду ээледи.

«Булар келечектеги чемпиондор. Жарышка аралашып, тажрыйба топтоп жатышат», — деди тайганчы.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар