Бүгүн, 4-сентябрда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун алкагында өтүп жаткан көк бөрү боюнча мелдештерде Кыргызстан менен Россиянын курамалары беттешип, А тайпасынан биринчи орун менен ким чыгарын аныкташты.
Жыйынтыгында кыргыз көк бөрүчүлөрү 16-5 эсеби менен утуп алды.
Үч оюнда үч жеңишке жетишкен Кыргызстан финалга жолдомо алса, үч оюнда эки жолу жеңип, бир жолу жеңилген Россия коло медаль үчүн күч сынашат.
Ал эми Б тайпасынан Казакстан биринчи орунду ээлеп, финалга аттанды.


