Башкы беткеМаданиятКыргызстанда Дүйнөлүк кол өнөрчүлөр кеңеши менен кызматташуу каралды

Кыргызстанда Дүйнөлүк кол өнөрчүлөр кеңеши менен кызматташуу каралды

Бүгүн, 4-сентябрда Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Салкын Сарногоева Дүйнөлүк кол өнөрчүлөр кеңешинин (WCC AISBL) президенти Саад Аль-Каддуми баштаган эл аралык делегация менен жолукту.

Жолугушууда салттуу кол өнөрчүлүктү сактоо жана өнүктүрүү, кол өнөрчүлөрдү колдоо, кыргыздын улуттук кол өнөрчүлүгүн эл аралык деңгээлде жайылтуу жана тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды.

Ошондой эле кыргызстандык кол өнөрчүлөрдүн эл аралык көргөзмөлөргө жана иш-чараларга катышуусун колдоо, Дүйнөлүк кол өнөрчүлөр кеңеши менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Белгилей кетсек, Дүйнөлүк кол өнөрчүлөр кеңеши 1964-жылы түзүлүп, салттуу кол өнөрчүлүктү сактоо жана өнүктүрүү багытында иш алып барган эл аралык уюм болуп саналат.

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар