Home Көчмөндөр оюндары Көчмөндөр оюндарынын эстафетасы Татарстанга өткөрүлүп берилди

Көчмөндөр оюндарынын эстафетасы Татарстанга өткөрүлүп берилди

0
44

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эстафетасы Татарстанга өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу иш-чаранын жүрүшүндө белгилүү болду.

“Биримдик кербени” аркылуу Кыргызстандын облустарын аралап келген көөкөргө куюлган тоо суусун Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Татарстандын раиси Рустам Миннихановго жана Россиянын спорт министринин орун басары Алексей Морозовго тапшырды.

Ошентип, VII Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2028-жылы Россиянын Татарстан Республикасында өтөт.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде Россия тарабынан 2028-жылы VII Көчмөндөр оюндарын Татарстанда өткөрүүгө даяр экендиги тууралуу расмий кат келгенин жарыялаган.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары көчмөн цивилизациясынын маданиятын жандандыруу, улуттук спорт түрлөрүн өнүктүрүү жана дүйнөгө жайылтуу максатында Кыргызстан демилгелеген эл аралык спорттук иш-чара болуп саналат.

Оюндар 2014, 2016 жана 2018-жылдары Кыргызстанда, 2022-жылы Түркияда, 2024-жылы Казакстанда өткөрүлгөн. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл Кыргызстанда өтүүдө.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here