Башкы беткеМинистрлер кабинетиТажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга келди

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга келди

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга жумуш сапары менен келди. Ал бүгүн, 31-августта, «Манас» эл аралык аэропортуна учуп келди.

Эмомали Рахмонду аэропорттон Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы — Президенттин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев тосуп алды.

Тажикстандын президенти Кыргызстанга Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына, «ШКУ плюс» форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушууга жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземине катышуу үчүн келди.

Эмомали Рахмонго Кыргызстандын улуттук символдорунун бири жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий символу болгон илбирстин жумшак оюнчугу белекке берилди.

Белгилей кетсек, Кыргызстан 2026-жылы ШКУга төрагалык кылууда. Уюмдун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына арналган мааракелик саммит быйыл Бишкекте өтөт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар