11-сентябрда Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган төкмө акындардын республикалык айтышы өтөт. Бул тууралуу Манас театрынан билдиришти.
Иш-чара саат 09:00дө Кыргыз улуттук «Манас Ордо» этнографиялык комплексинде башталат.
Айтышка өлкөнүн бардык аймактарынан тандалып алынган 16 төкмө акын катышат. Алардын арасында Абдылда Нуралиев, Болот Назаров, Нурайым Бактияр кызы, Жамайка Токонова, Тынчтык Эсенбай уулу жана башка белгилүү акындар бар.
Акындар эгемендүүлүк жылдарындагы өзгөрүүлөр, улуттук баалуулуктар, мекенчилдик, тарых жана элдин биримдиги тууралуу төгүп ырдашат.
Иш-чаранын негизги максаты — төкмөлүк өнөрдү жайылтуу, улуттук оозеки чыгармачылыктын салттарын улантуу жана жаштардын айтыш өнөрүнө болгон кызыгуусун арттыруу.




