Кыргыз улуттук академиялык Т. Абдумомунов атындагы драма театры 100-театрдык сезондун алкагында сентябрь айына карата көрүүчүлөргө сунушталчу спектаклдердин репертуарын жарыялады.
Жаңы театрдык сезондо көрүүчүлөргө мазмундуу, кызыктуу жана терең мааниге ээ чыгармалар тартууланат. Спектаклдерде адам тагдыры, турмуштук баалуулуктар жана коомдогу маанилүү маселелер чагылдырылып, көрүүчүлөргө өзгөчө таасир калтыра турган чыгармалар коюлат.
Сентябрь айындагы спектаклдердин бардыгы саат 19:00дө башталат. Билеттин баасы 500 сом.
Көрүүчүлөр билеттерди онлайн түрдө ticket.kg жана kassir.kg платформалары аркылуу сатып ала алышат. Кошумча маалымат алуу үчүн театрдын кассасына 0550 557-255 номери аркылуу кайрылууга болот.
Театр жетекчилиги көрүүчүлөрдү спектаклдерге белгиленген убакыттан кечикпей келүүгө чакырат. Спектаклдер өз убагында башталат.
Театрдын директору — Кыргыз Республикасынын эл артисти А. Өзүбеков.
Театрдын көркөм жетекчиси — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти А. Имашова.




