Башкы беткеМинистрлер кабинетиЖээнбек Кулубаев Кипрдин тышкы иштер министри менен сүйлөштү

Жээнбек Кулубаев Кипрдин тышкы иштер министри менен сүйлөштү

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кипр Республикасынын тышкы иштер министри Константинос Комбос менен телефон аркылуу сүйлөштү.

7-сентябрда Кипр тараптын демилгеси менен өткөн сүйлөшүүдө Комбос Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, өлкөгө бакубатчылык каалады.

Тараптар Кыргызстан менен Кипрдин ортосундагы мамилелерди мындан ары чыңдоого жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экенин билдиришти.

Мындан тышкары, тараптар кыргыз-кипр кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн Нью-Йоркто өтө турган БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында жолугушууга макулдашышты.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар