Бүгүн, 9-сентябрда Бишкекте мурдагы «Асанбай» паркынын аймагында «Асман Парк» үй-бүлөлүк оюн-зоок борбору расмий ачылды. Салтанатка шаар мэри Айбек Джунушалиев, Жогорку Кеңештин депутаттары жана борбордун жетекчилиги катышты.
Долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке ашырылып, парк толугу менен реконструкцияланып, көрктөндүрүлүп жана жашылдандырылды. Ага 1 миллиард сомдон ашык инвестиция тартылган. Реконструкциянын алкагында заманбап эс алуу зоналары, сейилдөөчү аллеялар жана оюн-зоок аянтчалары түзүлүп, аймакка 1 миңден ашуун жаш дарак жана декоративдүү көчөттөр отургузулган.
«Асман Парктын» негизги өзгөчөлүгү — 92 метр бийиктиктеги «Бишкек жылдызы» аттуу айланма дөңгөлөк. Ал Борбор Азиядагы эң бийик айланма дөңгөлөк болуп, андан борбор калаанын жана тоолордун панорамалык көрүнүшүн көрүүгө болот. Ачылыш аземинде кыргыз эстрадасынын белгилүү ырчылары Бек Борбиев, Айдана Дека, Аваз Акимов, Мирбек Атабеков, Jax, Мия Бойко жана Kairos тобу концерттик программа тартуулашты.
Мэр Айбек Джунушалиев жаңы парк шаар тургундары үчүн коопсуз жана заманбап эс алуу жайына айланганын белгилеп, «Асман Парк» балдардын күлкүсүнө жана жакшы маанайга толгон жай болушун каалады.




