Башкы беткеПрезидентАдилет Орозбеков Таластагы чек ара заставасына барды

Адилет Орозбеков Таластагы чек ара заставасына барды

Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков Талас облусундагы Бүргө Баатыр атындагы «Арал» чек ара заставасына барып, чек араны кайтаруунун уюштурулушу жана аскер кызматкерлеринин шарттары менен таанышты.

Сапардын жүрүшүндө заставадагы ыкчам кырдаал, инженердик инфраструктуранын абалы, техникалык жабдылышы жана өздүк курамдын кызматтык милдеттерди аткарууга даярдыгы тууралуу маалымат берилди.

Ошондой эле чек араны кайтаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, материалдык-техникалык базаны чыңдоо жана аскер кызматкерлерине тиешелүү шарттарды түзүү маселелери каралды.

Адилет Орозбеков мамлекеттик чек араны ишенимдүү кайтаруу өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуунун негизги шарттарынын бири экенин белгиледи.

Сапардын жыйынтыгында чек ара коопсуздугун күчөтүүгө багытталган бир катар тапшырмалар берилди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар