Башкы беткеМаданият30 жашка чейинки төкмө акындар арасында "Жаш булбул" айтышы өтөт

30 жашка чейинки төкмө акындар арасында “Жаш булбул” айтышы өтөт

Кыргыз улуттук “Манас” театры жана “Көйкашка” коомдук фонду 30 жашка чейинки төкмө акындар арасында республикалык “Жаш булбул” айтышын өткөрөт.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруу максатында уюштурулууда.

Айтыштын тандоо туру 18-сентябрда саат 09:00дө Кыргыз улуттук «Манас» театрынын концерттик залында өтөт. Дареги: Бишкек шаары, Самойленко көчөсү, 2/9.

Тандоо турунун жыйынтыгында финалга жолдомо алган жаш акындар аныкталат.

Ал эми “Жаш булбул” айтышынын финалы 26-сентябрда саат 14:00дө Асман паркынын амфитеатрында өтөт.

Уюштуруучулардын айтымында, сынак жаш таланттарды колдоого, төкмөлүк өнөрдү өнүктүрүүгө жана улуттук чыгармачылык салттарды улантууга багытталган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар